Май майрамдарындагы Калкты тейлөө борборлору жана Региондор аралык бөлүмдөрүнүн иштөө тартиби тууралуу маалымат

img

Келе жаткан май майрамдарына жана узак дем алыш күндөрүнө байланыштуу жана дем алыш күндөрүн жылдыруу жөнүндө КР Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 2024-жылдын 1-майынан 5-майга чейин жана 9-майда Санариптик өнүктүрүү министрлиги Калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) жана Калкты каттоо департаментинин Региондор аралык бөлүмдөрүнүн (РАБ) иш графиги жөнүндө маалымдайт.

Майрам жана дем алыш күндөрүн эске алуу менен керектүү документтерди алдын ала толтурууга жана алууга кам көрүүнү сунуштайбыз.

Алсак, КТБ жана РАБ штаттык режимде түшкү тыныгуусуз иштейт:

  • 6; 7; 8-майда саат 8:00дөн 18: 00гө чейин
  • 10 жана 11-майда саат 8:00дөн 18:00гө чейин

Ошондой эле жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Бишкек шаарындагы кичи Калкты тейлөө борборлорунда Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортторун жана e-ID алуу боюнча кызмат көрсөтүшөт.

Бишкек ш. кичи КТБлардын даректери:

  • “Глобус-ЖЭБ” кичи КТБсы, Чүй проспекти, ЖЭБдин маңдайында.
  • “Азия” кичи КТБсы, Садырбаев көчөсү, 107 (Ахунбаев көчөсү менен кесилишет).

Бишкек шаарындагы кичи КТБлардын иштөө графиги:

  • 3; 4; 7; 8; 10; 11; 12 май – иш күндөрү, 10.00 дөн 19.00 гө чейин. (түшкү тыныгуу 14.00-15.00);
  • 4-май-иш күнү, саат 10.00 дөн 18.00 гө чейин;
  • 1; 2; 5; 6; 9 май-дем алыш күндөрү.