Кыргызстан-Түркмөнстан: Санариптештирүү жаатындагы кызматташтыктын жаңы доору

img

2024-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинде санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Түркмөнстандын “Түркменарагатнашык” агенттигинин санариптик экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Пена Суханбердиев башында турган Түркмөнстандан келген делегация менен жолугушту.

Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Түркмөнстандан келген делегацияны жылуу тосуп алып, Кыргызстан менен Түркмөнстандын санариптештирүү жаатындагы кызматташтыгын активдештирүүгө даярдыгын билдирди. Санариптик өнүктүрүү министри конокторду мамлекеттик башкаруу тутумунда кеңири жайылтылып жаткан жаңы санариптик технологиялар жөнүндө маалымдады. “Учурда кагаз түрүндөгү маалымкаттарды берүүнү жокко чыгаруу боюнча алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Ошондой эле, Санариптик Кодекстин кабыл алынышы күтүлүүдө. Бул Кодекс санариптештирүү чөйрөсүндөгү бардык ченемдик укуктук актыларды бириктирип, бир тартипке келтирет. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги “Түндүк” – ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумун иштеп чыгууда алган тажрыйбалары менен бөлүшүүгө дайым даяр”, – деп белгиледи Н.Кутнаева.

Өз кезегинде Түркмөнстандын “Түркменарагатнашык” агенттигинин санариптик экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Пена Суханбердиев Санариптик өнүктүрүү министрлигине жылуу меймандостугу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, Түркмөнстан Кыргызстандын санариптик тармактагы жетишкендиктерин чоң канааттануу менен байкап жатканын белгиледи. “Биздин делегация “Түндүк” мамлекеттик ишканасынын жана “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Кыргызстандан санарип багытында үйрөнө турган нерселер көп экендигин байкадык. Санариптик чөйрөдө өз тажрыйбабызды бөлүшкөнүбүз үчүн ыраазычылык билдиребиз”, – деп белгиледи П.Суханбердиев.

Түркмөнстандан келген делегациясынын сапарынын максаты Кыргыз Республикасынын санариптештирүү жаатындагы мамлекеттик саясатын изилдөө, анын ичинде ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын жана электрондук документ жүгүртүү системасын куруу, мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу, идентификациялоо жана аныктыгын текшерүү системасын куруу жана башка маселелер болуп саналат.

Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын ар кандай мамлекеттик ведомстволорунун, анын ичинде санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана анын “Түндүк” ММ жана “Инфоком” МИ, саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жана КТБнын жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери менен жолугушуулар болуп өттү.

Өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча тараптар кызматташуу боюнча мындан аркы пландар тууралуу макулдашты.