Кыргызстан жана Казахстан: Өнөктөштүктүн келечеги

img

19-апрелде Астанада Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Сапардын алкагында делегация «Казакстан гарыш сапары» Улуттук космостук борборуна барды, анда премьер-министр Олжас Бектенов космостук аппараттарды түзүү этаптары менен тааныштырды.

Президент жана кыргыз делегациясы спутниктик сыноолор жүргүзүлүп жаткан аймактарды көрүп чыгышты. Жыйынтыгында Садыр Жапаров санариптик өнүктүрүү министри Н.А. Кутнаева заманбап спутниктик технологияларды биргелешип пайдалануу боюнча Казакстан менен потенциалдуу өнөктөштүк тууралуу маселени кароо тапшырмасын берди.