Кыргызстан менен Азербайжан санариптик трансформация маселелерин талкуулашты

img

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон Мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн санариптештирүү министрликтеринин башчылары санариптик трансформациянын ар кандай чөйрөлөрүндө кызматташууну тереңдетүүгө жана тажрыйба алмашууга багытталган жолугушууну өткөрүштү.

Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева жана Азербайжан Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана транспорт министри Рашад Наби Оглу Набиев санариптик кызматтар, спутниктик технологиялар, мобилдик тиркемелер жана мамлекеттик органдарды координациялоо сыяктуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Санариптештирүү органдарынын башчылары кызматташуунун алкагында интернетти орнотуунун альтернативдүү жолдорун талкуулоого өзгөчө көңүл бурушту. Жолугушуунун жыйынтыгында мобилдик тиркеме, санариптик кодекс боюнча онлайн-семинар уюштурууну макулдашып, азер тарап ушул эки багытта кыргыз тараптын тажрыйбасына кызыгышты.

Тараптардын ортосунда тажрыйба алмашуу жана билим берүү эки өлкөгө өздөрүнүн санариптик стратегияларын натыйжалуу ишке ашырууга жана алдыга коюлган максаттарга жетүүгө мүмкүндүк берет. Бул жолугушуу Кыргызстан менен Азербайжандын санариптик трансформация жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө даярдыгын тастыктайт, бул эки өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө жана алардын жарандарынын жашоосун жакшыртууга өбөлгө түзөт.