Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жамааты жалпы республикалык ишембиликте

img

Бүгүн, 2024-жылдын 20-апрелинде Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородное айылында (Юбилейная-Гагарин көчөлөрүнүн кесилиши) Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жамааты жана анын ведомстволук бөлүмдөрү жазгы шаарды тазалоо иштеринин алкагында тазалоо иштерин жүргүзүштү.

 

Аймакты көрктөндүрүү жана коомдук жайларын жакшыртуу максатында Министрликтин кызматкерлери Пригородное айылынын атайын бөлүнгөн аймактарында таштандыларды чогултуу, көчөлөрдү, тротуарларды жана арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүштү.

 

Иш-чаранын алкагында «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан Бишкек шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөнү колдоо борборуна (Бөбөктөр үйү) аймагында санитардык тазалоо иштери жүргүзүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө балдардын турмуш-тиричилик муктаждыктарына, анын ичинде эң керектүү буюмдар жана гигиеналык буюмдар тапшырылып жардам көрсөтүлдү.

 

Эскерте кетсек, иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» жана жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аймакты көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлыгынын алкагында өткөрүлдү.