Санариптик өнүктүрүү министри Н. Кутнаева Гарвард университетинин өкүлдөрү менен жолугушту

img

2024-жылдын 14-мартында, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Гарвард университетинин өкүлдөрүн Ниса Габба – Tutelligence долбоорунун негиздөөчүсүн, Фарри Габба – McKinsey&Company компаниясынын аналитигин жана Касси Габба- Boston Consulting Group компаниясынын аналитигин кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө санариптик өнүктүрүү министри Н.Кутнаева Кыргыз Республикасында билим берүү чөйрөсүндө жасалма интеллектти жайылтуу боюнча долбоор менен тааныштырды, ошондой эле Кыргызстандагы биргелешкен долбоорлордун маселелери талкууланды.

Министр Жасалма интеллект Кыргызстандагы санариптештирүү процессиндеги маанилүү багыт экенин белгилеп, Министрликтин Гарвард университетинин өкүлдөрүнүн катышуусунда IT багыты боюнча иш-чараларды биргелешип өткөрүүгө жана бардык кызыкдар өнөктөштөрдү тартууга даярдыгын билдирди.