Электрондук эмгекке жарамсыздык баракчасы – мыйзам тарабынан таанылган расмий документ

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги юридикалык жактар менен иш берүүчүлөрдүн көңүлүн Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы же Tunduk мобилдик колдонмосу аркылуу алынган убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасына бурат. Аталган документ расмий документ болуп саналып, милдеттүү кабыл алууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы №525 Токтомуна ылайык, Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы жана Tunduk мобилдик колдонмосу аркылуу алынган бардык документтер юридикалык күчкө ээ жана кагаз түрүндөгү документтерге теңелет. Муну менен бирге электрондук эмгекке жарамсыздык баракчасы да (больничный лист) кагаз түрүндөгү эмгекке жарамсыздык баракчасындай милдеттүү кабыл алууга тийиш.
Электрондук эмгекке жарамсыздык баракчасын тариздөө кызматы жарандар тарабынан жигердүү пайдаланып келет. 2025-жылдын мартында эле 19 миңден ашык документ таризделген, бул көрүнүш аталган кызмат калкка эң керек болгон кызматтардын бири экендигин далилдеди.
Министрлик мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча, жарандар, уюмдар жана мамлекет менен өз ара аракеттенүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүү үчүн системдүү жумушун улантат.
Министрлик жумуш берүүчүлөрдүн көңүлүн бурат: электрондук эмгекке жарамсыздык баракчасын кабыл албоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарбаганын билдирет.