Мектепке электрондук катталууда маалыматтар туура эмес чыкса эмне кылышы керек?

img

Урматтуу 2024-жылы биринчи класска барчу бөбөктөрдүн ата-энелери!

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги сиздердин көңүлүңүздү маанилүү жагдайга бурат. Мектепке электрондук каттоодон өтүүдө маалыматтар туура эмес же туугандыгы боюнча жөнүндө маалыматтардын жетишсиздиги боюнча көйгөйлөргө туш болсоңуз, маалыматтарды тактоо же санариптештирүү боюнча каалаган калкты тейлөө борборуна (КТБ) же КР СӨМ Калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмдөрүнө кайрылсаңыздар болот.
Эскерте кетсек, эгер сизде чет мамлекет тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк болсо, балага жеке идентификациялык номер алуу жетиштүү. Чет мамлекеттердин күбөлүктөрү санариптештирилбейт.

Калган бардык техникалык суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине кайрылууну сунуштайбыз, анткени мектепке электрондук кабыл алуунун маалымат системасы толугу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан башкарылат.