“24.04.24” Никелешүүнү каттоого кооз дата

img

Кыргызстанда жаш жубайлар арасында “24.04.24” сыяктуу өзгөчө айкалыштагы даталар никени каттоодо абдан популярдуу.

Быйыл республика боюнча 317 түгөй ушул өзгөчө күнү өз ара мамилелерин расмий түрдө катташты, бул абдан маанилүү көрсөткүч.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын Бакыт өргөөсүндө никени каттоого 73 түгөй арыз берип рекорддук көрсөткүчкө чыкса, Ош шаарынын Бакыт өргөөсүндө 11 жуп баш кошту.

Никелешүүнү мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт. Жаңы үйлөнгөндөр өз каалоолору менен Бишкек жана Ош шаарларындагы Бакыт Өргөөлөрүндө үйлөнүү аземин салтанаттуу түрдө өткөрө алышат.
Бакыт Өргөөлөрүндө үйлөнүү үлпөтүн унутулгус атмосферада өткөрүү үчүн атайын шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары, сиз каалаган жерде никеге туруу үчүн мааракеңизге мамлекеттик каттоочуну чакырсаңыз болот, бул сиздин үйлөнүү үлпөтүңүздү уникалдуу жана кайталангыс шартта өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Кызматтардын баасы өтүүчү жерге жараша өзгөрөт.

Никени каттоо үчүн жарандын өздүгүн тастыктоочу документ жана биргелешкен арыз талап кылынат. Мамлекеттик каттоо арыз берилгенден кийин бир айдан кийин жүргүзүлөт. Документтерди “Түндүк” тиркемесинде санарип форматта берүүгө болот.

Никеге тургандан кийин, үй – бүлөлүк статусту тастыктаган жаңы документ “Никелешүү тууралуу күбөлүк” “Түндүк” тиркемесинде санарип документтер тизмесинде жеткиликтүү болот.