Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу үчүн документтерди кабыл алуу

Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу боюнча арыздарды кабыл алуу Кыргыз Республикасынын жарандары катталган жери боюнча калкты тейлөө борборунда, Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу үчүн документтерди кабыл алуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

  • Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу ал адамдын өз эрки менен билдирген негизде адамдын башка жарандыгы же адамдын башка мамлекеттин жарандыгын алууга кепилдиги болсо, жалпы тартипте жүзөгө ашырылат
  • Чет мамлекеттин аймагында жашаган адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу ал адамдын өз эрки менен билдирген негизде адамдын башка жарандыгы же адамдын башка мамлекеттин жарандыгын алууга кепилдиги болсо, жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жүзөгө ашырылат
  • Ата-энесинин бирөөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болгон, ал эми экинчиси чет өлкөнүн жараны болуп саналган же жалгыз атасы же энеси чет элдин жараны болгон баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу эки ата-эненин же болбосо жалгыз атанын же эненин арызы боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жүзөгө ашырылат.

Талап кылынуучу документтер:

  • Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыз-анкета
  • электрондук форматтагы фотосүрөт (фотосүрөткө тартуу ордунан жүргүзүлөт)
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк, 16 жашка чыга элек балдар үчүн
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004, 2006, 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт, КБРМда маалымат болбогон учурда
  • никеге тургандыгы жөнүндө күбөлүк, никени бузуу, жубайынын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктү же тийиштүү учурларда жубайын өлдү же дайынсыз жок болду деп таануу жөнүндө соттун чечими
  • салык төлөө боюнча карызынын жоктугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын салык органынан документти
  • Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган адамдын башка жарандыгы бар же адамдын башка мамлекеттин жарандыгын алууга кепилдигин тастыктаган чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын маалымкаты
  • Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу тууралуу маалымкат
  • мамлекеттик алымды төлөгөндүгү тууралуу квитанция

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун укуктук негиздери:

Жарандыктан чыгуу тууралуу кошумча суроолор боюнча КР СӨМдүн call-борборуна 119 (чалуу КР бардык байланыш операторлорунан акысыз) номери боюнча же КР СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин Telegram каналы аркылуу кайрылсаңыз болот.

Көп берилүүчү суроолор

Кыргыз Республикасынын жаранынын башка жарандыкты алуусу Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготууга алып келеби?

Жаран өзүнүн жарандыгын өзгөртүү боюнча документтерди берүүдө жубайынын нотариалдык күбөлөндүргөн макулдугу талап кылынабы?

Ата-энесинин экөө тең Кыргыз Республикасынын жараны болгон бала башка жарандыкта болсо КР жараны болобу?

Кыргыз Республикасынын жарандыгын жалпы тартипте кабыл алууда КР аймагында канча убакыт жашашы керек?

Кыргыз Республикасынын аймагында туулуп жана жашап туруп, бирок өз убагында документтештирилбеген жаран Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун кантип алса болот?

Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге турган чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн канча убакыттан кийин кайрылса болот?

Кыргыз Республикасынын жарандыгын күбөлөндүрүүчү документтер?