Этникалык кыргыздар үчүн Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу үчүн документтердин тизмеси

Этникалык кыргыздар, чет мамлекеттин жарандыгы бар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жарандыгына жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган мөөнөтүнүн шартын көрсөтпөстөн кабыл алынат.

Арыз чет мамлекеттин жарандыгы бар же жарандыгы жок этникалык кыргыздар тарабынан калкты тейлөө борборуна, Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрүнө катталган жери боюнча жеке келип берилет.

Талап кылынуучу документтер:

  • Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз-анкета
  • чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын ким экендигин ырастаган жарактуу документ (чет өлкөлүк жарандын паспорту, жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат, бекитилген тартипте качкын деп аныкталган качкындын күбөлүгү)
  • берилген документтерде улуту көрсөтүлбөгөн учурда – кыргыз улутунда экендигин же ата-энесинин биринин кыргыз улутунда экендигин тастыктаган документ (кайрылмандын күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк же ата-энесинин кыргыз улутунда экендигин көрсөтүлгөн паспорту)
  • электрондук форматтагы фотосүрөт (фотосүрөткө тартуу ордунан жүргүзүлөт)
  • Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу тууралуу маалымкат
  • Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Кытай Эл Республикасы) жарандары үчүн – мурдагы жарандыгынан баш тартуу жөнүндө жеке арызы.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун укуктук негиздери:

Жарандык тууралуу кошумча суроолор боюнча КР СӨМдүн call-борборуна 119 (чалуу КР бардык байланыш операторлорунан акысыз) номери боюнча же КР СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин Telegram каналы аркылуу кайрылсаңыз болот.

Көп берилүүчү суроолор

Кыргыз Республикасынын жаранынын башка жарандыкты алуусу Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготууга алып келеби?

Жаран өзүнүн жарандыгын өзгөртүү боюнча документтерди берүүдө жубайынын нотариалдык күбөлөндүргөн макулдугу талап кылынабы?

Этникалык кыргыздар Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу боюнча документтеди тапшырууда мамлекеттик алым төлөйбү?

Ата-энесинин экөө тең Кыргыз Республикасынын жараны болгон бала башка жарандыкта болсо КР жараны болобу?

Кыргыз Республикасынын аймагында туулуп жана жашап туруп, бирок өз убагында документтештирилбеген жаран Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун кантип алса болот?

Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге турган чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн канча убакыттан кийин кайрылса болот?

Кыргыз Республикасынын жарандыгын күбөлөндүрүүчү документтер?