Жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууда талап кылынган документтер

Жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуунун шарттары (1 жыл).

Чет элдик жарандар жана 18 жашка чыккан жарандыгы жок адамдар жалпы тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө расмий өтүнүч менен Калкты тейлөө борборлоруна, Департаменттин региондор аралык бөлүмдөрүнө төмөнкүдөй учурларда кайрылууга укуктуу:

  • ата-энесинин бирөө Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган болсо
  • Кыргыз ССРинде төрөлсө жана/же мурдагы СССРдин жараны болсо
  • Кыргыз Республикасынын жарандыгы калыбына келтирилет

Талап кылынуучу документтер:

  • Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз-анкета
  • чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын ким экендигин ырастаган жарактуу документ (чет өлкөлүк жарандын паспорту, жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат, бекитилген тартипте качкын деп аныкталган качкындын күбөлүгү)
  • электрондук форматтагы фотосүрөт (фотосүрөткө тартуу ордунан жүргүзүлөт)
  • Кыргыз Республикасынын аймагында акыркы бир жылдын ичинде туруктуу, үзгүлтүксүз жашагандыгын ырастаган документ (визалык режим орнотулган мамлекеттердин жараны үчүн – виза, визалык режимден бошотулган мамлекеттердин жараны үчүн – каттоо талону, жарактуу каттоосу бар туруктуу жашап турууга уруксат)
  • жашоого мыйзамдуу каражат булактарынын бар экендиги жөнүндө документтер, качкындардан башкасы
  • мамлекеттик алымды төлөгөндүгү тууралуу квитанция
  • Кыргыз ССРинде төрөлсө же мурдагы СССРдин жараны болсо (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актысынын көчүрмөсү, СССРдин жаранынын паспорту, СССРдин жаранынын паспортун берген ыйгарым укуктуу органынын каты, Форма № 1 тиркөө менен)
  • Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу тууралуу маалымкат
  • Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Кытай Эл Республикасы) жарандары үчүн – мурдагы жарандыгынан баш тартуу жөнүндө жеке арызы

Жашы жете элек балдардын документтерин Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кабыл алуу (жашоо мөөнөтүнүн шарттарын сактабастан), эгерде:

  • ата-энесинин бирөө Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган бала – ошол ата-энесинин арызы жана башка ата-энесинин баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча. Эгерде бала Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турса, андай макулдук талап кылынбайт
  • жалгыз ата-энеси Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган бала – ошол ата-эненин арызы боюнча
  • камкордукка же көзөмөлдүккө алынган бала же ишке жарамсыз адам, – Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ камкордукка же көзөмөлдүккө алган адамдын арызы боюнча

Талап кылынуучу документтер:

  • Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз-анкета
  • чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын ким экендигин ырастаган жарактуу документ (чет өлкөлүк жарандын паспорту, жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат, бекитилген тартипте качкын деп аныкталган качкындын күбөлүгү)
  • электрондук форматтагы фотосүрөт (фотосүрөткө тартуу ордунан жүргүзүлөт)
  • Кыргыз Республикасынын аймагында акыркы бир жылдын ичинде туруктуу, үзгүлтүксүз жашагандыгын ырастаган документ (визалык режим орнотулган мамлекеттердин жараны үчүн – виза, визалык режимден бошотулган мамлекеттердин жараны үчүн – каттоо талону, жарактуу каттоосу бар туруктуу жашап турууга уруксат)
  • жашоого мыйзамдуу каражат булактарынын бар экендиги жөнүндө документтер, качкындардан башкасы
  • мамлекеттик алымды төлөгөндүгү тууралуу квитанция
  • Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы жөнүндө маалымкат
  • Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу тууралуу маалымкат
  • Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Кытай Эл Республикасы) жарандары үчүн – мурдагы жарандыгынан баш тартуу жөнүндө жеке арызы.

Этникалык кыргыздар, чет мамлекеттин жарандыгы бар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жарандыгына жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган мөөнөтүнүн шартын көрсөтпөстөн кабыл алынат.

Талап кылынуучу документтер:

  • Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз-анкета
  • чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын ким экендигин ырастаган жарактуу документ (чет өлкөлүк жарандын паспорту, жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат, бекитилген тартипте качкын деп аныкталган качкындын күбөлүгү)
  • берилген документтерде улуту көрсөтүлбөгөн учурда – кыргыз улутунда экендигин же ата-энесинин биринин кыргыз улутунда экендигин тастыктаган документ (кайрылмандын күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк же ата-энесинин кыргыз улутунда экендигин көрсөтүлгөн паспорту)
  • электрондук форматтагы фотосүрөт (фотосүрөткө тартуу ордунан жүргүзүлөт)
  • Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу тууралуу маалымкат
  • Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Кытай Эл Республикасы) жарандары үчүн – мурдагы жарандыгынан баш тартуу жөнүндө жеке арызы.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын ортосундагы жарандыкты алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө макулдашууга ылайык документтерди кабыл алуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

Талап кылынуучу документтер:

  • Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз-анкета
  • чет өлкөлүк жарандын ким экендигин ырастаган жарактуу документ (чет өлкөнүн паспорту – чет өлкөлүк жаран үчүн)
  • электрондук форматтагы фотосүрөт (фотосүрөткө тартуу ордунан жүргүзүлөт)
  • нотариалдык күбөлөндүргөн туулгандыгы тууралуу күбөлүк
  • нотариалдык күбөлөндүргөн никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк
  • мамлекеттик алымды төлөгөндүгү тууралуу квитанция
  • каттоо талону
  • арыз ээсинин мурда Белорус ССР, Казах ССР, Кырыгз ССР жана РСФСР жарандыгында тургандыгын тастыктаган документ, (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актысынын көчүрмөсү) же КР аймагында туруктуу каттоо эсебинде турган Кыргыз Республикасынын жараны менен жакын тууганчылыкта турганын тастыктаган документ, (жубайы, ата-энесинин бирөөсү, (камкордукка алган адам), бала (анын ичинде камкордукка алынган бала), чоң атасы, чоң энеси, бир туугандары, неберелери
  • Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу тууралуу маалымкат
  • Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Кытай Эл Республикасы) жарандары үчүн – мурдагы жарандыгынан баш тартуу жөнүндө жеке арызы.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн Кыргыз Республикасы менен Украинанын ортосундагы Украинада туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Украинанын жарандарынын жарандыкты өзгөртүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жана жарандыгы жок жана кош жарандуулуктун учурларын болтурбоо жөнүндө макулдашуусу

Арыз Украинанын жарандары тарабынан Кыргыз Республикасынын КР СӨМ алдындагы Калкты тейлөө борборлоруна, Департаменттин региондор аралык бөлүмдөрүнө катталган жери боюнча жеке өзү тарабынан төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

Талап кылынуучу документтер:

  • Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз-анкета
  • чет өлкөлүк жарандын ким экендигин ырастаган жарактуу документ (чет өлкөнүн паспорту – чет өлкөлүк жаран үчүн)
  • элтрондук форматтагы фотосүрөт (фотосүрөткө тартуу ордунан жүргүзүлөт)
  • нотариалдык күбөлөндүргөн туулгандыгы тууралуу күбөлүк
  • нотариалдык күбөлөндүргөн никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк
  • мамлекеттик алымды төлөгөндүгү тууралуу квитанция
  • каттоо талону
  • Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу, үзгүлтүксүз жашоону ырастоочу документ (виза – виза режими белгиленген мамлекеттердин жарандары үчүн, каттоо картасы – визалык режимден бошотулган мамлекеттердин жарандары үчүн, жарактуу каттоосу бар туруктуу жашоого уруксат)
  • ата-энесинин (асырап алуучулардын), чоң атасынын же чоң энесинин биринин Кыргыз Республикасынын аймагында туулгандыгын же жашаган жерин тастыктаган документ, же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу каттоосу бар Кыргыз Республикасынын жараны менен жакын үй-бүлөлүк мамилесин ырастоочу документ. Кыргыз Республикасы (жубайы, ата-энесинин бири (асырап алуучулар), баласы (анын ичинде асырап алынган бала) чоң атасы, чоң энеси, бир туугандары, неберелери)
  • Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу тууралуу маалымкат
  • Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Кытай Эл Республикасы) жарандары үчүн – мурдагы жарандыгынан баш тартуу жөнүндө жеке арызы.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун укуктук негиздери:

  • Кыргыз Республикасынын “Жарандыгы жөнүндө” Мыйзамы
  • “Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө” Жобосу
  • Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын ортосундагы жарандыкты алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө макулдашуусу
  • Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн Кыргыз Республикасы менен Украинанын ортосундагы Украинада туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Украинанын жарандарынын жарандыкты өзгөртүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жана жарандыгы жок жана кош жарандуулуктун учурларын болтурбоо жөнүндө макулдашуусу.

Жарандык тууралуу кошумча суроолор боюнча КР СӨМдүн call-борборуна 119 (чалуу КР бардык байланыш операторлорунан акысыз) номери боюнча же КР СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин Telegram каналы аркылуу кайрылсаңыз болот.

Көп берилүүчү суроолор

Кыргыз Республикасынын жаранынын башка жарандыкты алуусу Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготууга алып келеби?

Жаран өзүнүн жарандыгын өзгөртүү боюнча документтерди берүүдө жубайынын нотариалдык күбөлөндүргөн макулдугу талап кылынабы?

Ата-энесинин экөө тең Кыргыз Республикасынын жараны болгон бала башка жарандыкта болсо КР жараны болобу?

Кыргыз Республикасынын аймагында туулуп жана жашап туруп, бирок өз убагында документтештирилбеген жаран Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун кантип алса болот?

Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге турган чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн канча убакыттан кийин кайрылса болот?

Кыргыз Республикасынын жарандыгын күбөлөндүрүүчү документтер?

Беларусь Республикасы, Казахстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын ортосундагы Макулдашуу боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууда берилүүчү документтер?