Кыргыз Республикасынын жарандыгына жалпы тартипте кабыл алууда талап кылынган документтер

Жалпы тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуунун шарттары (5 жыл)

Чет элдик жарандар жана 18 жашка чыккан жарандыгы жок адамдар жалпы тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө расмий өтүнүч менен Калкты тейлөө борборлоруна, Департаменттин региондор аралык бөлүмдөрүнө төмөнкүдөй учурларда кайрылууга укуктуу:

  • арыз берген учуруна чейин акыркы беш жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу, үзгүлтүксүз жашап турушса. Бир жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары үч айдан ашпаган мөөнөткө чыккан адамдын жашоо мөөнөтү үзгүлтүксүз деп эсептелет
  • пикир алышуу үчүн жетиштүү көлөмдө мамлекеттик же расмий тилде сүйлөй алса, мамлекеттик же расмий тилди билүү деңгээлин аныктоонун тартиби жарандык маселелерди кароонун тартиби жөнүндө жобо менен белгиленет
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого милдеттенсе
  • жашоо үчүн каражат булагы болсо
  • Кыргыз Республикасында жана жараны болуп саналган чет мамлекетте соттолгону болбосо

Талап кылынуучу документтер:

  • Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз-анкета
  • чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын ким экендигин ырастаган жарактуу документ (чет өлкөлүк жарандын паспорту, жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат, бекитилген тартипте качкын деп аныкталган качкындын күбөлүгү)
  • электрондук форматтагы фотосүрөт (фотосүрөткө тартуу ордунан жүргүзүлөт)
  • Кыргыз Республикасынын аймагында акыркы беш жылдын ичинде туруктуу, үзгүлтүксүз жашагандыгын ырастаган документ (визалык режим орнотулган мамлекеттердин жараны үчүн – виза, визалык режимден бошотулган мамлекеттердин жараны үчүн – каттоо талону, жарактуу каттоосу бар туруктуу жашап турууга уруксат)
  • мамлекеттик же расмий тилди билүүсүнүн деңгээлин ырастаган документ, кыргыз же орус тилин окуп-үйрөнүү менен окуу жайын бүткөндүгү тууралуу документи бар адамдардан тышкары
  • жашоого мыйзамдуу каражат булактарынын бар экендиги жөнүндө документтер
  • жараны болуп саналган чет мамлекетте соттолбогондугу тууралуу белгиленген тартипте апостилденген же консулдук легализациядан өткөрүлгөн маалымкат, качкындардан башка
  • Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу тууралуу маалымкат
  • Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Кытай Эл Республикасы) жарандары үчүн – мурдагы жарандыгынан баш тартуу жөнүндө жеке арызы
  • мамлекеттик алымды төлөгөндүгү тууралуу квитанция

Жалпы тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуунун шарттары (3 жыл)

Чет элдик жарандар жана 18 жашка чыккан жарандыгы жок адамдар жалпы тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө расмий өтүнүч менен Калкты тейлөө борборлоруна, Департаменттин региондор аралык бөлүмдөрүнө төмөнкүдөй учурларда кайрылууга укуктуу:

  • Кыргыз Республикасынын аймагында 3 жыл туруктуу, тынымсыз жашагандар
  • пикир алышуу үчүн жетиштүү көлөмдө мамлекеттик же расмий тилде сүйлөй алса, мамлекеттик же расмий тилди билүү деңгээлин аныктоонун тартиби жарандык маселелерди кароонун тартиби жөнүндө жобо менен белгиленет
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого милдеттенсе
  • жашоо үчүн каражат булагы болсо
  • Кыргыз Республикасында жана жараны болуп саналган чет мамлекетте соттолгону болбосо
  • илим, техника, маданият, спорт жаатында жогорку ийгиликтерге жетишсе, ошондой эле Кыргыз Республикасы кызыкдар болгон кесипке, болбосо адистикке жетишсе
  • Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармагына инвестиция чегерсе Инвестиция чегерүүнүн тартиби жана өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет
  • алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык качкындар же жарандыгы жок адамдар катары таанылса
  • Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге турган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар.

Талап кылынуучу документтер:

  • Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз-анкета
  • чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын ким экендигин ырастаган жарактуу документ (чет өлкөлүк жарандын паспорту, жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат, бекитилген тартипте качкын деп аныкталган качкындын күбөлүгү)
  • электрондук форматтагы фотосүрөт (фотосүрөткө тартуу ордунан жүргүзүлөт)
  • Кыргыз Республикасынын аймагында акыркы үч жылдын ичинде туруктуу, үзгүлтүксүз жашагандыгын ырастаган документ (визалык режим орнотулган мамлекеттердин жараны үчүн – виза, визалык режимден бошотулган мамлекеттердин жараны үчүн – каттоо талону, жарактуу каттоосу бар туруктуу жашап турууга уруксат)
  • мамлекеттик же расмий тилди билүүсүнүн деңгээлин ырастаган документ, кыргыз же орус тилин окуп-үйрөнүү менен окуу жайын бүткөндүгү тууралуу документи бар адамдардан тышкары
  • жашоого мыйзамдуу каражат булактарынын бар экендиги жөнүндө документтер
  • жараны болуп саналган чет мамлекетте соттолбогондугу тууралуу белгиленген тартипте апостилденген же консулдук легализациядан өткөрүлгөн маалымкат, качкындардан башка
  • арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу тууралуу кайрылган кызыкдар мамлекетиик органдын өтүнүчү же Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармагына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген өлчөмдөгү инвестиция чегергендиги тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы берген документ
  • Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу тууралуу маалымкат
  • Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Кытай Эл Республикасы) жарандары үчүн – мурдагы жарандыгынан баш тартуу жөнүндө жеке арызы
  • Кыргыз Республикасынын жараны менен турган нике тууралуу күбөлүк
  • мамлекеттик алымды төлөгөндүгү тууралуу квитанция.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун укуктук негиздери:

Жарандык тууралуу кошумча суроолор боюнча КР СӨМдүн call-борборуна 119 (чалуу КР бардык байланыш операторлорунан акысыз) номери боюнча же КР СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин Telegram каналы аркылуу кайрылсаңыз болот.

Көп берилүүчү суроолор

Кыргыз Республикасынын жаранынын башка жарандыкты алуусу Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготууга алып келеби?

Жаран өзүнүн жарандыгын өзгөртүү боюнча документтерди берүүдө жубайынын нотариалдык күбөлөндүргөн макулдугу талап кылынабы?

Этникалык кыргыздар Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу боюнча документтеди тапшырууда мамлекеттик алым төлөйбү?

Ата-энесинин экөө тең Кыргыз Республикасынын жараны болгон бала башка жарандыкта болсо КР жараны болобу?

Кыргыз Республикасынын жарандыгын жалпы тартипте кабыл алууда КР аймагында канча убакыт жашашы керек?

Кыргыз Республикасынын аймагында туулуп жана жашап туруп, бирок өз убагында документтештирилбеген жаран Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун кантип алса болот?

Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге турган чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн канча убакыттан кийин кайрылса болот?

Кыргыз Республикасынын жарандыгын күбөлөндүрүүчү документтер?

Кыргыз Республикасынын жарандыгына жалпы тартипте кабыл алууда документтерди кароо жана чечим кабыл алуу мөөнөтү канча?

Беларусь Республикасы, Казахстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын ортосундагы Макулдашуу боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууда берилүүчү документтер?