Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы

Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы Кыргыз Республикасынын жарандарына жана ишкерлерине жагымдуу шарттарды түзүү үчүн электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталына кирүү үчүн акысыз онлайн берилүүчү булутттук электрондук кол тамга болушу керек.

Мамлекеттик портал тарабынан берилген документтер юридикалык күчкө ээ жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө» 2019- жылы 7 –октябрындагы №525 токтомуна ылайык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген документтерге теңдештирилет. Портал аркылуу жарандар убакытты жана акчаны үнөмдөөдө:

  • Порталдын колдонуучулары тарабынан 816.63 млн. сом үнөмдөлдү;
  • 10 487 325 саат порталдын колдонуучулары тарабынан үнөмдөлгөн.

Учурдагы статистиканы сайтта көрсө болот https://portal.tunduk.kg/