Электрондук кол тамга

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын ачык ачкычтар инфратүзүмү

 Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын ачык ачкычтар инфратүзүмү (мындан ары – “Инфоком” МИ ААИ) пайдалануучулардын ачык ачкычтар сертификаттарын башкаруу үчүн арналган. “Инфоком” МИ ААИ иши “Инфоком” МИ ААИ регламентине ылайык ишке ашырылат. “Инфоком” МИ ААИ ачык ачкычтардын сертификаттарын ГОСТ 34.311-95 хэширлөө алгоритмдерин, ГОСТ 34.310-2004 электрондук санариптик колтамганы, ошондой эле  SHA-1,2  хэширлөө алгоритмин жана “ТУМАР-CSP” маалыматтарды криптографиялык коргоо каражатында иштелип чыккан  RSA электрондук санариптик колтамганы пайдалануу менен X.509 Public Key Infrastructure форматына ылайык түзөт. Ачык ачкычтардын сертификаттары ушул сертификаттарда көрсөтүлгөн саясатка ылайык колдонулушу мүмкүн.

Ачык ачкычтардын инфратүзүмү (англ. PKI – Public Key Infrastructure) – жабык жана ачык ачкычтын негизинде криптографиялык маселелерди чечүү үчүн жалпы пайдаланылуучу каражаттардын топтому (техникалык, материалдык, адамдык ж.б.), бөлүштүрүлгөн кызматтар жана компоненттер.

PKI негизи ачык ачкыч жана бир нече негизги принциптер менен криптографиялык системаны колдонуу болуп саналат:

  • жабык ачкыч анын ээсине гана белгилүү
  • күбөлөндүрүү борбору ачык ачкычтын сертификатын түзүп, ошол ачкычты күбөлөндүрөт
  • эч ким бири-бирине ишенбейт, бирок бардыгы күбөлөндүрүү борборуна ишенишет
  • күбөлөндүрүү борбор ачык ачкычтын тиешелүү жабык ачкычка ээ болгон, адамга ачык ачкычтын таандыгын тастыктайт же жокко чыгарат.

Иш жүзүндө, PKI негизги компоненти күбөлөндүрүү борбор жана күбөлөндүрүү борбору аркылуу өз ара аракеттенген пайдалануучулар  болуп саналган системаны түшүндүрөт.

Электрондук колтамгаларды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө баалар 

Кызмат көрсөтүү Колдонуу мөөнөтү Бирдиги үчүн баасы
ЭСК ачкычтарын генерациялоо 1 жыл 105 сом
Электрондук колтамгаларды “Булутта” генерациялоо 1 жыл Акысыз
Электрондук колтамгаларды “Булутта” сактоо 1 жыл Акысыз

*Баалар салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү

Юридикалык жактарга электрондук кол тамга берүү

Жарандарга электрондук кол тамга берүү