xxx Жеке адамдар үчүн булут электрондук кол кантип алууга болот? - Министерство цифрового развития Кыргызской Республики Суроо Жооп ОЭП

Жеке адамдар үчүн булут электрондук кол кантип алууга болот?

Жеке адамдар электрондук кол тамганы алуу үчүн “Түндүк” тиркемесин жүктөп алуу керек. Тиркеме ANDROID жана IOS платформаларында жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү.

  • Кирип, “Катталган жоксузбу?” дегенди тандаңыз
  • Керектүү маалыматты толтуруңуз (жеке идентификациялык номер, паспорттун сериясы жана номери, электрондук почта жана телефон номери)
  • Бирдиктүү идентификация системасында каттоого макулдугуңузду ырастаңыз.
  • Сүрөткө түшүп, ырастаңыз
  • “Каттоо” баскычын басыңыз
  • Келишимди көрүү үчүн “OK” баскычын басыңыз
  • Авторизация барагына өтүңүз.

Жарандар электрондук кол тамганы MegaPay, MBank, Optima жана Компаньон Банкынын тиркемелеринен да ала алышат.