Жеке адамдар үчүн булут электрондук кол кантип алууга болот?
Жеке адамдар электрондук кол тамганы алуу үчүн “Түндүк” тиркемесин жүктөп алуу керек. Тиркеме ANDROID жана IOS платформаларында жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү.
- Кирип, “Катталган жоксузбу?” дегенди тандаңыз
- Керектүү маалыматты толтуруңуз (жеке идентификациялык номер, паспорттун сериясы жана номери, электрондук почта жана телефон номери)
- Бирдиктүү идентификация системасында каттоого макулдугуңузду ырастаңыз.
- Сүрөткө түшүп, ырастаңыз
- “Каттоо” баскычын басыңыз
- Келишимди көрүү үчүн “OK” баскычын басыңыз
- Авторизация барагына өтүңүз.
Жарандар электрондук кол тамганы MegaPay, MBank, Optima жана Компаньон Банкынын тиркемелеринен да ала алышат.