Лицензирование

Иштин, аракеттердин жана операциялардын айрым түрлөрүн лицензиялоо адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнүн алдын алуу, ошондой эле чектелген мамлекеттик ресурстарды башкаруу максатында жүзөгө ашырылат.

Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиялоо, радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгаруу тартиби, анын ичинде лицензияларды берүү, узартуу, токтотуп туруу, токтотуу, ажыратуу тартиби, ошондой эле лицензиялык талаптар, лицензиялык контролдоо, лицензиялык жыйымдарды жана төлөмдөрдү алуу Кыргыз Республикасынын электр байланышы чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы – Лицензиялоо процессине жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп эсептелет.

“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15 жана 16-беренелерине ылайык, иштин төмөнкү түрлөрү лицензияланууга тийиш:

  • электр байланышы жаатындагы иш (ички же жабык тармактардын операторлорун жана кызматтарын кошпогондо);
  • почта байланышы жаатындагы иш;
  • маалыматтарды берүү жаатындагы иш (буга ички же жабык тармактардын операторлорун жана кызматтары кирбейт);
  • Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыштын түзүлмөлөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттөө жаатындагы иш;
  • радиожыштык спектрин пайдаланууну кошкондо, чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу боюнча лицензияланууга тийиш, буга өндүрүштүк коммерциялык эмес максаттар үчүн радиожыштык спектрин пайдаланган жеке жана (же) юридикалык жактар кирбейт.

Ошондой эле, аталган Мыйзамдын 17–беренесинин 31-пунктуна ылайык, радиожыштык спектрин пайдалануу боюнча ишке лицензия алуудан тышкары, радиоэлектрондук каражаттарды эксплуатациялоо укугуна жыштыктарды ыйгарууну алуу талап кылынарын белгилей кетүү керек.