Жеке адамдар үчүн булут электрондук кол кантип алууга болот?

Жеке адамдар электрондук кол тамганы алуу үчүн “Түндүк” тиркемесин жүктөп алуу керек. Тиркеме ANDROID жана IOS платформаларында жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү.

  • Кирип, “Катталган жоксузбу?” дегенди тандаңыз
  • Керектүү маалыматты толтуруңуз (жеке идентификациялык номер, паспорттун сериясы жана номери, электрондук почта жана телефон номери)
  • Бирдиктүү идентификация системасында каттоого макулдугуңузду ырастаңыз.
  • Сүрөткө түшүп, ырастаңыз
  • “Каттоо” баскычын басыңыз
  • Келишимди көрүү үчүн “OK” баскычын басыңыз
  • Авторизация барагына өтүңүз.

Жарандар электрондук кол тамганы MegaPay, MBank, Optima жана Компаньон Банкынын тиркемелеринен да ала алышат.