Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо үчүн документтерди кабыл алуу

Арыз жашаган жери боюнча КТБга, КР СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрүнө төмөнкү адамдар тарабынан берилет:

  •  СССРдин жарандыгында турган, 1974-жылдагы үлгүдөгү паспорту бар жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу (же убактылуу) каттоодо турган жана башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө билдирүү жасабаган адамдар;
  • ар кандай себептерден улам 1974-жылдагы үлгүдөгү СССРдин паспортун жоготкон, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу (же убактылуу) каттоодо турган адамдар. Бул категориядагыларга паспортун жоготкондугу жөнүндө иш ачылат жана адамдын инсандыгы жана жарандыгы аныкталгандан кийин корутунду чыгарылат;
  •  жагдайдын аякташы менен өз убагында паспорт ала албай калган (1993-жылдын 18-декабрындагы N 1333-ХII “Кыргыз Республикасынын граждандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулушуна туш келбей калган, же ата-энелери жок жана туугандарында же тааныштарында тарбияланган), бирок алар да иш жүзүндө Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдар;
  • Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин (мындан ары – КМШга катышкан-мамлекеттер) жарандыгына таандыктыгы жөнүндө белгиси менен 1974-жылдагы үлгүдөгү СССРдин паспорту бар, ошол өлкөнүн улуттук паспорту менен документтештирилбеген адамдар. (Бул категориядагылар Кыргыз Республикасынын аймагында дипломатиялык өкүлчүлүк же консулдук мекеме жок болгон учурда ким экендигин ырастаган колдонуудагы документтин жоктугунун себеби жөнүндө түшүнүк катты жана айрым учурларда чет мамлекеттин жарандыгын жоготкондугу же жоктугу жөнүндө маалымкат беришет);
  •  Кыргыз Республикасынын аймагында беш жана андан ашык жыл туруктуу жашаган жана КМШга катышкан-мамлекеттердин жараны экендигин ырастаган колдонуу мөөнөтү аяктаган паспорту бар, жана аларга байланышпаган себептерден улам аны узартуу же анык паспортко алмаштыруу мүмкүнчүлүгү болбогон адамдар. (Мындай адамдар тийиштүү документти көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган себептерин жазуу менен арыз беришет);
  • 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору бар же аны жоготкон учурда, мурда берилген 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортко форма №1 жана Форма №2 жок болгон учурда;
  •  2 жылдык мөөнөткө убактылуу өздүк күбөлүк менен мурда документтештирилген адамдар
  • балдар, “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 2-6-бөлүктөрүндө каралган .

Необходимые документы:

  • арыз ээсинин ким экендигин ырастаган документтердин (паспорт же туулгадыгы тууралуу күбөлүк) түп нускасы жана көчүрмөлөрү, 1974-жылдын үлгүсүндөгү СССРдин паспортун көрсөткөндө региондор аралык бөлүм тарабынан паспорт берилген жер боюнча региондор аралык бөлүмгө № 1 формасындагы карточканы талап кылууга суроо-талап жөнөтүлөт
  • кеңири өмүр баяны
  • ак фондогу 4х6 өлчөмүндөгү эки сүрөт;
  • Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу үзгүлтүксүз жашагандыгын ырастаган кийинки документтердин бири (каттоо белгиси менен паспорт, жашаган жеринен маалымкат, иштеген, окуган жеринен маалымкат, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган фактысын аныктаган участкалык милициянын инспектору жана арыз ээсинин үч кошунасынын катышуусу менен түзүлгөн акт (кварталдык, үй комитетинин же айыл башынын))
  • үй-бүлөлүк мамилелерди тастыктаган документ (никелешүү тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери:

Жарандык тууралуу кошумча суроолор боюнча КР СӨМдүн call-борборуна 119 (чалуу КР бардык байланыш операторлорунан акысыз) номери боюнча же КР СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин Telegram каналы аркылуу кайрылсаңыз болот.

 Көп берилүүчү суроолор:

КР жарандыгына таандыктыгын аныктоо үчүн арыз менен канча жылда кайрылса болот?

Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо боюнча арыз канча убакытта каралат?

Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо үчүн кайсы болбосун КТБлоруна арыз менен кайрылууга болобу?

Кыргыз Республикасынын аймагында жашайм жана СССРдин 1974-жылдын үлгүсүндөгү паспортум жоголгон, эмне кылуу керек?

Россия Федерациясынын аймагында туруктуу жашайм Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгымды аныктагым келет?

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо жөнүндө арыздарды кароо мөөнөтү канча күндү талап кылат?

Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу тууралуу тактаманы кайдан алса болот?

Жагдайдын аякташы менен өз убагында паспорт ала албай калгам толугу менен 18 жашка толдум жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашайм. Паспортту кантип алууга болот?

Жарандыкты аныктоо үчүн таануу актысы ким тарабынан түзүлөт жана ким тарабынан тастыкталат?