Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» 2021-жылдын 5-майындагы №114 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик санариптик өнүктүрүү кызматы менен Кыргыз Республикасыны Юстиция Министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматын бириктирүүнүн натыйжасында түзүлгөн.

Санариптик трансформацияны өркүндөтүү жана технологиялык өзгөрүүлөрдү эске алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы № 91 Жарлыгы менен Министрлик Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги деп кайра аталган.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги (СӨИТМ) санариптештирүү, инновациялык технологиялар жана мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоо жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну жүзөгө ашыруучу борбордук аткаруу бийлик органы болуп саналат.

Жогорку мамлекеттик бийлик органы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети.

Ведомствонун башчысы – Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Жамангулов Азамат Саадатбекович.