Кыргыз Республикасынын аймагында туулуп жана жашап туруп, бирок өз убагында документтештирилбеген жаран Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун кантип алса болот?

Өз убагында паспорт албаган 18 жашка толгон адамдар катталган жери боюнча Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрүнө Калкты тейлөө борборлоруна Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгын аныктоо арызы менен кайрылса болот.