Эмне үчүн КР архив кызматы мекемелердин, уюмдардын өздүк курамы боюнча жоголгон буйруктарын, өздүк эсептерин, ошондой эле эмгек акы боюнча маалыматтарын калыбына келтире албайт?

  • Архив кызматы уюмдардын, мекемелердин укук мураскери болуп саналбайт жана тиешелүү түрдө эмгек акы боюнча архивдик маалымкаттарды берүүгө укугу жок.
  • Мекемелер жана уюмдар өздүк делолорду, Т-2 карточкаларын, жумуштан бошотуу жана дайындоо боюнча буйруктарды, ошондой эле кызматкерлердин өздүк эсептерин сактоо  мөөнөтү бүткөндөн кийин Мамлекеттик архивге сактоого берүүгө тийиш.