Чек арага жакын аймакка жана чек ара тилкесине кирүүгө уруксат

Чек арага жакын аймакка жана чек ара тилкесине кирүүгө уруксат алуу үчүн документтер СӨМ КР караштуу Калкты каттоо департаментинин борбордук аппаратында жана Депртаменттин Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын , Каракол, Ош, Кара-Суу, Алай, Араван, Кадамжай, Баткен, Лейлек жана Талас аймактар аралык бөлүмдөрүндө кабыл алынат.

Талап кылынган документтер

жеке жактар кайрылганда:

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:

  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген форма боюнча өтүнүч кат;
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык түрлөрү;
  • 16 жаш куракка чыга элек адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же жалпы жарандык паспорту;
  • уруксат берүү үчүн төлөмдү ырастоочу мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
  • эмгек максатында чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирген адамдар үчүн чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирүү максатын ырастаган документ;

чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн:

  • өтүнүч кат
  • эгерде визасыз режим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, колдонуудагы визасы бар жана/же чет өлкөлүк жарандын каттоо эсеби жөнүндө маалыматы бар чет өлкөлүк паспорт, же болбосо чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын каттоо эсеби менен жашап туруу укугу
  • 16 жаш куракка чыга элек адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же жалпы жарандык паспорту
  • уруксат берүү үчүн төлөмдү ырастоочу мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция
  • эмгек максатында чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирген адамдар үчүн чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирүү максатын ырастаган документ

жеке ишкерлер үчүн:

  • өтүнүч кат
  • эгерде визасыз режим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык түрлөрү, колдонуудагы визасы бар жана/же чет өлкөлүк жарандын каттоо эсеби жөнүндө маалыматы бар чет өлкөлүк паспорт, же болбосо чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын каттоо эсеби менен жашап турууга уруксат, же болбосо көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү
  • 16 жаш куракка чыга элек адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же жалпы жарандык паспорту
  • уруксат берүү үчүн төлөмдү ырастоочу мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция
  • эмгек ишин ырастаган документ
  • эмгек максатында чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирген адамдар үчүн чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирүү максатын ырастаган документ

топтук (жамааттык) кайрылуу үчүн:

  • өтүнүч кат
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык типтери, колдонуудагы визасы бар жана/же чет өлкөлүк жарандын каттоо эсеби жөнүндө маалымат бар чет өлкөлүк паспорт, эгерде визасыз режим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же болбосо Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, же болбосо чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын каттоо эсеби бар туруктуу жашоого уруксаты, же болбосо көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү
  • 16 жашка чыга элек жактын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же жалпы жарандык паспорту
  • уруксат берүү үчүн төлөмдү ырастоочу мамлекеттик алым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция
  • эмгек максатында чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирүүчү адамдар үчүн чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирүү максатын ырастаган документ

юридикалык жактар кайрылганда:

  •  өтүнүч кат
  • өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна юридикалык жактын кызыкчылыктарын билдирүүгө ишеним кат жана өкүлдүн ким экендигин тастыктаган документ;
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык типтери, колдонуудагы визасы бар жана/же чет өлкөлүк жарандын каттоо эсеби жөнүндө маалымат бар чет өлкөлүк паспорт, эгерде визасыз режим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же болбосо Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, же болбосо чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын каттоо эсеби бар туруктуу жашоого уруксаты, же болбосо көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү;
  • 16 жашка чыга элек жактын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же жалпы жарандык паспорту;
  • келүү максатын ырастоочу документтер (өтүнүч катта көрсөтүлгөн ишти жүргүзүүгө укук берген, уюм тарабынан уюмдаштыруу документтен берилген көчүрмө);
  • уруксат берүү үчүн төлөмдү ырастоочу мамлекеттик алым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция.

Билүү маанилүү!

16 жашка толгон адамдар уруксат алуу үчүн өтүнүч кат менен кайрыла алышат.

Уруксат өтүнүч катта көрсөтүлгөн (чет мамлекеттердин жарандары үчүн: визанын колдонуу мөөнөтүнө визалык режим белгиленгендер; каттоосунун колдонуу мөөнөтүнө же болбосо каттоодон бошотуу мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө визасыз режим белгиленген), бирок 1 жылдан көп эмес мөөнөткө берилет жана узартууга жатпайт.

Чек арага жакын аймакта убактылуу болуу мөөнөтү берилген уруксаттын мөөнөтү менен чектелет.

Жоголгон уруксат калыбына келтирилбейт!

Эгерде арыз ээси тарабынан 10 (он) жумуш күндүн ичинде кемчиликтер жоюлбаса, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү өтүнүч катты кайтарып берет.

Чек арага жакын аймакка кирүүгө уруксат алгандан кийин мобилдик тармактарды жана интернет байланышын камтыбаган зоналары бар чек арага жакын аймакка кирүүнү пландаган жеке жана юридикалык жактар Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же облус боюнча башкармалыкка (чек ара отряды) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген уруксат берүүчү документтерди берүүгө милдеттүү.

Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакка кирүү (өтүү), жашоо эрежелерин бузгандыктан уруксатынын жарактуулугу токтотулган жарандар чек арага жакын аймактын чегинен белгиленген мөөнөттө чыгып кетүүгө милдеттүү.

Кирүү (өтүү), болуу жана орун которуу уруксатта көрсөтүлгөн чек арага жакын аймактын чегинде гана жүргүзүлөт.

 

Көп берилүүчү суроолор:

 

Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарына кирүү уруксатын кантип алса болот?

Уруксат алуу үчүн жеке жактар кайрылганда кайсы документтерди тапшыруу керек?

Уруксат алуу үчүн жеке ишкерлер кайрылганда кайсы документтерди тапшыруу керек?

Уруксат алуу үчүн топтук (жамааттык) кайрылуу үчүн кайсы документтерди тапшыруу керек?

Уруксат алуу үчүн юридикалык жактар кайрылганда кайсы документтерди тапшыруу керек?

Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарына кирүү уруксат кагазы ?

Канча убакытта каралат?

Жоголуп кеткен уруксат кагазын кайра калыбына келтирүүгө болобу ?

Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарына кирүү уруксат кагазы алуу КР жарандарын жана чет элдик жарандарга канча сомду түзөт?

Онлайн түрдө уруксат алса болобу?

Топтук (жамааттык) кайрылуу үчүн урусат алууга мүмкүнбү?