Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагында каттоо

Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо Кыргыз Республикасынын аймагында каттоосуз жүрүүгө уруксат берилген акыркы күндөн кечиктирилбей жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасында келген жери боюнча каттоодон бошотулган чет мамлекеттердин жарандарынан тышкары, каттоо жол-жобосуна киргизилбеген чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кесип өткөн учурдан тартып беш жумушчу күндүн ичинде каттоо жол-жобосун жүзөгө ашырууга милдеттүү.

Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөткөн жеке жана юридикалык жактар (мейманканалар, конок үйлөр, санаторийлер, пансионаттар), ошондой эле аларды өзүнүн үйүндө жайгаштырган жактар, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды окуткан жана аларды жатаканага жайгаштырган окуу жайлары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар менен эмгек келишимин түзгөн жана аларга ведомстволук турак жай берген коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрүндө же “Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Онлайн каттоо” сайтында онлайн режиминде каттоого тургузууга милдеттүү (ereg.e-gov.kg)

Чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды каттоо үчүн кандай документтер керек?

Кыргыз Республикасына турист катары жана өзүнүн иштери боюнча келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо

кабыл алуучу тарап катары чыгуучу жеке жактар үчүн:

  • кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты. Кабыл алуучу тарап катары Кыргыз Республикасынын жарандары, туруктуу жашай турууга укугу жана/же менчик турак жайы же башка жайы бар чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар чыгышы мүмкүн. Эгерде кабыл алуучу тарап турак жайдын же башка жайдын менчик ээси болуп эсептелбесе, менчик ээсинин макулдугу кошумча берилет;
  • жеке адамдын атынан өтүнүч кат менен өкүл кайрылган учурда кайрылуу укугуна берилген ишеним кат;
  • чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын паспорту же Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса ким экендигин ырастоочу башка документ жана колдонуудагы тиешелүү визасы;
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (анын ичинде “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта), кабыл алуучу тарап болуп саналган чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап туруу укугу;
  • мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция;

кабыл алуучу тарап катары чыгуучу юридикалык жактар үчүн:

  • кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты;
  • чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын паспорту же, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ким экендигин ырастоочу башка документ жана колдонуудагы визасы;
  • өкүл кайрылган учурда юридикалык жактын атынан өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна берилген ишеним кат;
  • турак жайдын же башка жайдын менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу, анын катышуу мүмкүндүгү болбогон учурда, менчик ээсинин макулдугу берилет;
  • мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн берилүүчү документтер ТМЭБС киргизүү үчүн сканерленет, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын окуу жайларына өткөн чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо, визасыз режим каралган мамлекеттердин чет өлкөлүк жарандары үчүн окуу визасы берилген мөөнөткө – бир окуу жылына карата төмөнкүлөр берилген учурда жүргүзүлөт:

  • жатаканада жашаган дареги көрсөтүлгөн, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн окуу жайынын өтүнүч каты. Эгер студенттер окуу жайдын жатаканасынан тышкары жашаса, студенттерди каттоо чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды каттоонун жалпы негиздеринде жүргүзүлөт;
  • өкүл кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна берилген ишеним кат;
  • чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын паспорту же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса ким экендигин ырастоочу башка документ жана колдонуудагы тиешелүү визасы;
  • мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция.

Эмгектенүү жана жеке ишкердик менен алектенүү максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо эмгек визасы берилген мөөнөткө карата жүргүзүлөт.

Визасыз режим каралган чет мамлекеттердин жарандарын каттоо эмгек келишими түзүлгөн же миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген жумуш иштөөгө уруксаттын мөөнөтүнө карата же Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандары жеке ишкердик менен алектенген учурда бир жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт. Каттоодо төмөнкүдөй документтер берилет:

  • кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты. Кабыл алуучу тарап катары Кыргыз Республикасынын жарандары, туруктуу жашай турууга укугу жана/же менчик турак жайы же башка жайы бар чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар чыгышы мүмкүн. Эгерде кабыл алуучу тарап турак жайдын же башка жайдын менчик ээси болуп эсептелбесе, менчик ээсинин макулдугу кошумча берилет;
  • өкүл кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна берилген ишеним кат;
  • чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын паспорту же, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ким экендигин ырастоочу башка документ жана колдонуудагы тиешелүү визасы;
  • визасыз режим каралган мамлекеттин (Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандарынан тышкары) жарандары үчүн миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген жумуш иштөөгө уруксат;
  • Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн эмгек келишими же анын жеке ишкер катары катталгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (анын ичинде “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта), кабыл алуучу тарап болуп эсептелген чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап туруу укугу;
  • турак жайдын же башка жайдын менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу, анын катышуу мүмкүндүгү болбогон учурда, менчик ээсинин макулдугу берилет;
  • мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция.

Кайрылман статусуна ээ болгон чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо төмөнкү документтер берилген учурда кайрылмандын күбөлүгү берилген мөөнөткө карата жүргүзүлөт:

  • кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты. Кабыл алуучу тарап болуп Кыргыз Республикасынын жарандары, туруктуу жашап турууга укугу жана/же менчик турак же башка жайы бар чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар чыгышы мүмкүн. Эгерде кабыл алуучу тарап турак же башка жайдын менчик ээси болуп саналбаса, менчик ээсинин макулдугу кошумча берилет;
  • өкүл кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна берилген ишеним кат;
  • миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген кайрылмандын күбөлүгү;
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (анын ичинде “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санарип форматында), кабыл алуучу тарап болуп эсептелген чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап туруу укугу;
  • турак жайдын же башка жайдын менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу, анын катышуу мүмкүндүгү болбогон учурда менчик ээсинин макулдугу берилет;
  • мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция.

Этностук кыргыздар келген жеринин иш жүзүндөгү дареги жок болгон учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тиешелүү органында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өтүнүч каты боюнча катталат. Этностук кыргыздарды каттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын юридикалык дареги боюнча ким экендигин ырастоочу документтин негизинде жүргүзүлөт.

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусуна ээ болгон чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып токсон жумуш күндүн ичинде төмөнкү документтерди берүү менен келген жери боюнча катталууга милдеттүү:

  • кабыл алуучу тараптын кайрылуусу. Кабыл алуучу тарап болуп Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана туруктуу жашоого уруксаты бар жана/же менчик турак жайы бар жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар боло алат. Эгерде кабыл алуучу тарап турак жайдын же башка жайдын ээси боло албаса, менчик ээсинин макулдугу кошумча талап кылынат;
  • өкүл кайрылган учурда, арыз ээсинин атынан өтүнүч менен кайрылуу укугуна ишеним катты;
  • чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин жарактуу документин;
  • чет өлкөлүк жарандын жарактуу паспортун же эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ким экендигин ырастоочу башка документи;
  • турак жайдын же башка жайдын ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугун жана анын паспортун, анын катышуусу мүмкүн болбогон учурда, менчик ээсинин макулдугу берилет;
  • мамлекеттик алымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны.

Качкындын статусун алган же качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч кат менен кайрылган чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды каттоо башкалкага муктаж болгон адамдын күбөлүгү же качкындын күбөлүгү берилген мөөнөтүнө карата миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген качкындын күбөлүгү же башкалкага муктаж болгон адамдын күбөлүгү берилген учурда жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасына диний уюмдар менен кызматташуу боюнча ишкердик максатында жана башка максаттар менен келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо төмөнкүдөй документтер берилген учурда ишке ашырылат:

  • кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты. Юридикалык жактар кабыл алуучу тарап боло алышат;
  • өкүл кайрылган учурда юридикалык жактын атынан өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна берилген ишеним кат;
  • чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын паспорту же, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ким экендигин ырастоочу башка документ жана колдонуудагы тиешелүү визасы;
  • турак жайдын же башка жайдын менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу, анын катышуу мүмкүндүгү болбогон учурда менчик ээсинин макулдугу берилет;
  • мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция.

Кызмат көрсөтүү үчүн төлөм  бекитилген Прейскурантка ылайык,  жүргүзүлөт.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери:

Чет өлкөлүк жаранды онлайн режиминде каттоо боюнча суроолор менен КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментине +996 (312) 380098 и WhatsApp Web +996 (999) 380025 телефон номери аркылуу байланышыңыз болот.

Көп берилүүчү суроолор

Чет өлкөлүк жаранды каттоодо анын аймактык каттоо бөлүмүнө же КТБ жеке келүүсү зарылбы?

Чет өлкөлүк жарандардын жашы жете элек балдары жашаган жери боюнча каттоого турушу керекпи?

Чет өлкөлүк жарандын паспорту алмаштырылган болсо, кайра каттоодон өтүш керекпи? Кайра каттоонун мөөнөттөрү барбы?

Качкын же кайрылман статусун алганда катталуу үчүн аймактык бөлүмгө/КТБна канча убакытта кайрылуу керек?

Чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды ишеним каттын негизинде каттоого же каттатууга болобу?

Эгерде чет өлкөлүк жарандын мурунку каттоо мөөнөтү өтүп кетсе, ereg.e-gov.kg сайты аркылуу катталса болобу?

Эгерде каттоо аймактык бөлүмдө/КТБда жүргүзүлсө, ereg.e-gov.kg сайты аркылуу каттоо картасынын дубликатын басып чыгарууга болобу?

Визаны узарткандай кийин каттоо үчүн канча убакытта кайрылуу керек?

Кыргыз Республикасында 3 күн гана боло турган болсом, каттоодон өтүшүм керекпи?

Жашап турууга уруксат алгандан кийин канча убакыттын ичинде каттоого туруш керек?

Эгерде Кыргызстандын бир нече шаарына баруу үчүн ар бир жолу каттоого туруу керекпи?

Чет өлкөлүк жаранды онлайн каттоо үчүн эмне кылуу керек?

Онлайн каттоого документтерди бергенден кийин арыз канча күндүн ичинде каралат?

Жеке тараптар онлайн каттоо үчүн өздүк кабинетин ачууда кандай документтер берилет?

Юридикалык тараптар онлайн каттоо үчүн өздүк кабинетин ачууда кандай документтер берилет?

Чет өлкөлүк жарандар онлайн каттоо эсебине тура алабы?

Чет өлкөлүк жаран өзү жок кезде паспортунун көчүрмөсү менен каттоо эсебине алынабы?

Каттоо эсебине туруу үчүн ИЖН милдеттүү түрдө алынабы?

Каттоо эсебинин жарактуу мөөнөтү качан бүтөт?

Катоо эсебин узартуу үчүн кайсыл убакта кайрылуу керек?

Канча убакыттын ичинде каттоого алынам?

Каттоого алууну кайсы даректе жүргүзүлөт?

Турак жайдын ээси каттоо үчүн КТБ милдеттүү түрдө баруусу керекпи?

Мамлекеттик алым каякка төлөнөт?

Санарип көчмөн статусу бар чет өлкөлүк жарандар каттоодон өтүшү керекпи?

Санарип көчмөн статусу бар чет өлкөлүк жарандар убактылуу каттоо эсебине кандай турат?

Мекендеш статусу бар чет өлкөлүк жарандар каттоодон өтүшү керекпи?

Каттоо эсебине алуунун мөөнөтү өтүп кеткенде кандай иш аракеттер каралган?

Штраф төлөө үчүн кайрылуучу жерлер?

Штрафты төлөбөй туруп катоону узартса болобу?

Каттоо талону жоголгон учурда каякка кайрылуу керек?

Барган жер өзгөрүлгөн учурда кайталап каттоодон өтүү керекпи?

Мурда берилген каттоо талонун кантип алса болот?

Элчиликтен алган жаңы паспорт менен КР аймагынан чыкпай туруп каттоону узартса болобу?

КР жарандыгын алуу үчүн документтерди бергенден кийин андан ары убактылуу каттоо эсебине туруу керекпи?

Убактылуу каттоо эсебине туруу үчүн чет өлкөлүк жарандын паспортунун нотариалдык котормосу керекпи?

Каттоо талону канча убакытка берилет?

Мейманканалар жана отелдер чет өлкөлүк жарандарды каттоо эсебине алууга мүмкүнчүлүгү барбы?