Tunduk колдонмосунда жаңы кызматтар жеткиликтүү

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги Tunduk мобилдик колдонмосундагы санариптик кызматтардын тизмеси кеңейгенин маалымдайт.
Эми жарандар төмөнкү маалымкаттарды электрондук форматта, онлайн тартипте ала алышат:
• психиатриялык диспансердик эсепте тургандыгы/турбагандыгы жөнүндө маалымкат;
• наркологиялык эсепте тургандыгы/турбагандыгы жөнүндө маалымкат.
Буга чейин колдонмо аркылуу соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкатты алуу мүмкүнчүлүгү ийгиликтүү ишке ашырылган — бул кызмат калк арасында эң көп талап кылынгандардын бири болуп саналат.
Бардык маалымкаттар санарип түрүндө берилип, мекемелерге жеке кайрылуунун зарылдыгы жок. Алар смартфон аркылуу 24/7 жеткиликтүү жана толук юридикалык күчкө ээ, ошондой эле Мамлекеттик жана муниципалдык органдар бул документтерди кагаз көчүрмөсүн талап кылбастан кабыл алууга милдеттүү.
2025-жылдын 9-апрелиндеги Министрлер Кабинетинин № 260 токтомуна ылайык, 14-апрелден тартып өлкөдө маалымкаттардын жана башка документтердин кагаз түрүнөн этап менен баш тартуу процесси башталды. Бул документтер «Түндүк» системасы аркылуу электрондук түрдө жеткиликтүү.
Министрлик колдонмонун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үстүндө ишти улантып, жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарга тез, ыңгайлуу жана ачык жеткиликтүүлүктү камсыздоону көздөйт.