Ноокен районунда Калкты каттоо департаментинин Региондор аралык бөлүмдүн поселкалык бөлүмү кайрадан ишке кирди

img

Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагында Калкты каттоо департаментинин Региондор аралык бөлүмүнүн поселок бөлүмүнүн иши кайрадан жанданды.

Поселок бөлүм райондун борборунан 44 км алыстыкта жайгашкан. Административдик-аймактык реформа боюнча соңку өзгөрүүлөрдү эске алганда айыл аймагынын калкынын саны 35 миңге жакын тургунду түзөт. Бөлүм Ноокен районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана өнүктүрүү фондунун көмөгү менен капиталдык оңдоодон өттү. Жарандарды кабыл алуу жүргүзүлөт, 2 кызматкер паспорттоштуруу, ЖААК, калкты жана жарандыкты каттоо боюнча бардык кызматтарды көрсөтөт.

Поселок бөлүм төмөнкүдөй дарек боюнча жайгашкан: Бүргөндү айылы, Турдалиев көчөсү, маданият үйүнүн имараты. Иштөө режими – 08.00 – 18.00.