Кыргызстанда түрк тилдүү мамлекеттердин AI боюнча Саммити өтөт

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдайт: 2024-жылдын 9-10-октябрында Бишкекте Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жасалма интеллектиси боюнча Саммит болуп өтөт.  Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Астанада болуп өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин Уюмунун 10-чу саммитине катышуусунун улам бекитилген иш-аракеттердин планын жүзөгө ашыруу максатында өткөрүлүүдө.

Алдыда боло турган Саммитте Жасалма интеллекттин актуалдуу маселелерин талкуулоо, мыкты тажрыйбалар менен бөлүшүү жана инновацияларды стимулдаштыруу жана бул жаатта прогресске көмөктөшүү үчүн катышуучулардын кызматташуу стратегияларын иштеп чыгуу үчүн ачык аянтча түзүлөт. Мындан тышкары, атайын уюштурулган көргөзмөдө өнөктөштөрдүн долбоорлорун жана санариптик компаниялардын акыркы иштеп чыгууларын көрсөтөт.

Саммит төмөнкү маселелердин спектрин камтыйт:

  • Жасалма интеллектин жана киберкоопсуздуктун келечеги
  • Маалыматтарга негизделген чечим кабыл алуу үчүн Жасалма интеллектин киргизүү
  • G-Cloud технологияларын оптималдаштыруу
  • Ата мекендик жасалма интеллектисин жаратуу
  • Жасалма интеллекти жөнгө салуу

Түрк мамлекеттеринин жасалма интелект боюнча Саммити

Түрк мамлекеттеринин жасалма интелект боюнча Саммитине катталуу.