Санариптештирүү боюнча республикалык жаштар форуму

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2024-жылдын 15-апрелинен 19-апрелине чейин өтө турган Жаштар форуму тууралуу маалымдайт.

 

Форум идеяларды алмашуу жана өлкөбүздүн санариптик трансформациясынын актуалдуу маселелерин талкуулоо аянтчасына айланат. Иш-чаранын программасында кызыктуу талкуулар, мастер-класстар жана суроолорго жооп алуу мүмкүнчүлүгү камтылган.

 

Убактысы жана даректери:
15-апрель – Кызыл-Кыя шаарыЖусубалиев көч. 140А
17-апрель – Ош шаары, ОшТУ, Насирдина Исанов көч., 81
19-апрель – Жалал-Абад шаары, ЖаМУ, Т.Байзаков проспектиси 23

 

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 29-февралында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин демилгеси менен Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде санариптештирүү боюнча биринчи республикалык жаштар форуму өткөн.