Жеке ишкердин каттоо тууралуу күбөлүк эми “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта жеткиликтүү!

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жаңы санариптик документти – “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болгон жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктү (ЖИ күбөлүгүн) сунуштайт.

Жеке ишкердин күбөлүгү жеке ишкердин статусун тастыктайт жана каттоо маалыматтары жөнүндө маалыматты камтыйт. Бул санарип документ ар кандай кырдаалдарда, анын ичинде банк эсебин ачуу, отчеттуулук, келишим түзүү жана башка юридикалык маанилүү процесстерде колдонулушу мүмкүн.

“Түндүк” мобилдик тиркемесинде берилген бардык санариптик документтер кагаз түрүндөгү документтер же маалымкаттар сыяктуу эле юридикалык күчкө ээ экендигин белгилей кетүү зарыл. Эми документ ээлери мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, кызмат адамдарына, юридикалык жана жеке жактарга ЖИ күбөлүгүн санариптик форматта көрсөтө алышат.

Жеке ишкерди каттоо жөнүндө санариптик күбөлүктү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана “Салык Сервис” Мамлекеттик мекемеси менен биргеликте КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” Мамлекеттик мекемеси тарабынан ишке ашырылган.