БУУ ӨП менен санариптик жаатта кызматташуу

Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов БУУ ӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жолугушту. Талкууга ошондой эле “Кызмат” Мамлекеттик мекемесинин директору Урматбек Камбаров менен аны биринчи орун басары Азамат Джапаров катышышты.
Тараптар мамкызматтарды санариптештирүүнү, санариптик сабаттуулукту арттыруу жана перспективдүү долбоорлорду талкуулашты.
“Санариптик технологияларды өнүктүрүү – натыйжалуу мамлекеттик башкаруунун ачкычы. Өлкөнү санариптештирүүнү тездетүү үчүн кызматташууларга даярбыз”- деп белгиледи Азамат Жамангулов.
БУУ ӨП Кыргызстандын санариптик жааттагы демилгелерин колдой турганын билдирди.