Калкты тейлөө борборлоруна электрондук кезек эми чет өлкөлүк жарандар үчүн да “Tunduk” тиркемесинде каттоосуз жеткиликтүү!

img

Бул жаңылык жарандардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн ыңгайлуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар үчүн кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртууга багытталган.
Эми биздин өлкөнүн аймагында жашаган же убактылуу жүргөндөрдүн баары смартфондорду колдонуу менен КТБга кызмат алууга Tunduk тиркемеде каттоодон өтпөстөн жазыла алышат. Бул маанилүү мамлекеттик кызматтарды тез жана кезексиз алууга мүмкүндүк берет.

Кантип пайдаланса болот:
1. ” Tunduk” тиркемесин жүктөп алыңыз.
2. “Кызматтар” бөлүмүн ачыңыз.
3. “КТБга онлайн-жазууну” тандаңыз.
4. Ачылган терезеден “КТБга жазууну” тандаңыз.
5. Форманы толтуруңуз (Аты-жөнү, телефон номери, электрондук почтасы) жана “КТБга жазуу” баскычын басыңыз.
6. Каалаган КТБны жана кызматты тандаңыз.
7. Ыңгайлуу жазуу убактысын көрсөтүңүз.
8. Электрондук почтага жөнөтүлгөн ырастоо кодун киргизиңиз.
9. Белгиленген убакытка кезекке кошула турган талонду алыңыз.

Маанилүү!
Авторизацияланбаган колдонуучулар бир эле учурда бир гана талонду тариздей алышат. Эгерде сиз толтурууда ката кетирсеңиз, жаңысын берүүдөн мурун учурдагы талонуңузду жокко чыгарышыңыз керек.
Жаңы электрондук кезек системасы КР СӨМ караштуу “Инфоком” МИси тарабынан иштелип чыккан. Мобилдик тиркемеде жаңы функцияны ишке киргизүү КР СӨМ караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте ишке ашырылды.