Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыктары жөнүндө билдирет
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Министрликтин жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн ишине карата Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жүргүзүлгөн аудити жөнүндө маалымдайт.
Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыгы боюнча Министрликтин ведомстволук бөлүнүштөрүнүн ишинде бир катар финансылык каталар жана кемчиликтер белгиленген.
Ушуга байланыштуу, келечекте тартип бузууларды четтетүү жана аларга жол бербөө максатында Министрлик тарабынан ведомстволук уюмдар менен уюштуруучулук жана финансылык тартипти жогорулатуу жаатында координациялык жана уюштуруучулук иштер күчөтүлөт.
Алсак, тиешелүү жетекчилерге Эсептөө палатасынын корутундусунун негизинде орун алган кемчиликтерди жөнөтүү тапшырылды. Ошондой эле, бузууларга өбөлгө болгон факторлорду четтетүү үчүн ведомстволук актыларга ченемдик өзгөртүүлөрдү киргизүү.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги өз ишинде ачык-айкындуулук стандарттарына берилгендигин ырастайт жана ички жана тышкы отчеттуулукту мындан ары өркүндөтүүгө даяр.