КР СӨИТМ менен Accelerate Prosperity болуп өткөн Central Asia Startup CUP форумунун ачылышында меморандумга кол коюшту

img

2025-жылдын 24-апрелинде Бишкекте Central Asia Startup CUP эл аралык форуму өз ишин баштады, аталган форум аймактагы стартап-экосистемасынын 700дөн ашуун катышуучусун бир аянтчага чогултту.

Форумдун негизги өзөгү КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Accelerate Prospreity акселераторунун өлкөдөгү технологиялык жеке ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган кызматташтык жөнүндө меморандумга кол кою болду.

Форум Улуу Британиянын жашыл өнүктүрүү Программасынын, Ага Хан Фондусунун жана Улуу Британиянын Өкмөтү жана Кыргызпатенттин колдоосунун натыйжасында өткөрүлдү.