Министрлик жана БУУ жаштардын шаарларды санариптештирүүгө катышуусун талкуулашты

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинде БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда жаштардын шаарларды санариптештирүү процессине кошкон салымы жана ролу талкууланды.

Жолугушууда эл аралык изилдөөнүн алгачкы жыйынтыктары сунушталып, ал жаштардын санариптик өнүгүүсүнө жигердүү катышуусуна багытталган. Тараптар жаштар санариптик өзгөрүүлөрдү сырттан гана карап турбастан, алардын түздөн-түз катышуучусу болушу керек экендигин белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыкты улантуу боюнча макулдашышты. Айрыкча жаштардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана шаардык санарип демилгелерге катышуусуна шарт түзүү маселелерине басым жасалды.