Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттердин санариптик технологиялар министрлеринин кезектеги жыйынын өз аймагында өткөрүүнү сунуштады.

img

Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүгө жооптуу министрлеринин IV Кеңешмесине катышты.

Иш-чара Кытай Эл Республикасынын Карамай шаарында болуп өттү жана ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда санариптик өнүктүрүү жаатындагы тажрыйба алмашуу жана биргелешкен кадамдарды макулдашуу үчүн маанилүү аянтча болуп берди.

Өз сөзүндө санариптик өнүктүрүү министри кабыл алган тарапка — КЭР Өнөр жай жана маалыматташтыруу министрлигине форумду жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, санариптик прогресстин тез өнүгүп жаткан шарттарында эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Бүгүнкү күндө маалыматтык-коммуникациялык технологиялар туруктуу өнүгүүнүн, жарандардын жашоо сапатын жогорулатуунун жана эл аралык байланыштарды чыңдоонун ажырагыс бөлүгү болуп калды”, — деп белгиледи министр.

Кыргызстан санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктерин көрсөттү: электрондук өкмөттү киргизүү, санариптик инфраструктураны кеңейтүү, мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.

Министр ШКУнун практикалык өз ара аракеттенүү платформасы катары маанисин баса белгилеп, ШКУга мүчө мамлекеттердин министрлеринин Маалыматтык коммуникациялык технологиялар боюнча V Кеңешмесин 2026-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүүнү сунуштады.

“Күч-аракеттерди бириктирүү менен биз технологиялар менен гана алмашып тим болбостон, мамлекеттер ортосундагы санариптик тилектештик жана ишеним үчүн бекем негиз түзөбүз”, — деп сөзүн жыйынтыктады министр.

Кыргызстан ШКУнун алкагында санариптик чөйрөдө өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого даяр экендигин ырастады.