Кыргызстан Орусиядагы эң ири санарип форумдардын бири болгон ЦИПР-2025 форумуна катышууда

img

2025-жылдын 3–6-июнь күндөрү Орусия Федерациясынын Нижний Новгород шаарында санариптик трансформация маселелерине арналган Евразия мейкиндигиндеги эң ири аянтчалардын бири — «Орусиянын өнөр жайынын санариптик индустриясы» (ЦИПР–2025) эл аралык конференциясы өтүүдө.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов катышууда.

📌 4-июнь күнү министр БУУнун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюмунун демилгеси астында өткөн сессияда чыгып сөз сүйлөп, Кыргызстандын негизги тармактарындагы санариптик трансформация жаатындагы тажрыйбасын сунуштады.

«Биз, айрыкча, “Өкмөттүк булутту” түзүүгө, жасалма интеллектти киргизүүгө жана санариптик платформаларды өнүктүрүүгө басым жасап жатабыз. Кыргызстан заманбап технологиялар жаатында эл аралык кызматташтыкка ачык», — деп белгиледи министр.

📌 Конференциянын алкагында бир катар иш сапарлар өтүп, алардын ичинде төмөнкүлөр менен жолугушуулар болду:
— Орусия Федерациясынын санариптик өнүктүрүү министри Максут Шадаев менен;
— VK Tech, Kaspersky, «Солар» компаниялар тобу (Ростелеком) сыяктуу компаниялардын жетекчилери менен;
— Москва жана Санкт-Петербург шаарларынын IT-мамлекеттик органдары менен.

Жолугушууларда эки тараптуу кызматташуунун келечеги, биргелешкен санариптик долбоорлорду ишке ашыруу жана алдыңкы технологияларды мамлекеттик башкарууда жана бизнес чөйрөсүндө колдонуу маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын ЦИПР–2025ке катышуусу эл аралык санариптик өнөктөштүктү чыңдоого, колдонмо чечимдер менен тажрыйба алмашууга жана улуттук санариптик күн тартибин аймактык жана глобалдык деңгээлде илгерилетүүгө өбөлгө түзөт.