Кыргызстан жана Кытай санариптик технологиялар тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөдө

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинде Карамай шаарынан (Синьцзян-Уйгур автономдук району, КЭР) келген делегация менен жолугушуу болуп өттү.

Кыргыз тарапты санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Рахат Жусумамбетова ал эми кытай тарапты Карамай Кытай Коммунистик Партиясынын туруктуу мүчөсү, Карамай райондук комитетинин катчысы Чжан Юй мырза жетектешти. Делегациянын курамында ошондой эле Карамайдын өнөр жай жана IT-компанияларынын өкүлдөрү катышышты.

Жолугушуу учурунда тараптар санариптик технологиялар, аның ичинде чоң маалыматтарды иштеп чыгуу жаатындагы тажрыйба алмашуу, булуттук эсептөө жана мамлекеттик кызматты санариптештирүү багыттары боюнча эки тараптуу кызматташтыктын перспективалары талкууланды. Өзгөчө көңүл эки өлкөнүн ортосундагы ишканалардын өнөктөштүгүнө бурулду.

Кыргыз тарап санариптик трансформациядагы негизги жетишкендиктер, анын алкагында маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорду өнүктүрүү, булуттук технологияларды киргизүү (G-cloud), электрондук иш кагаздарды жүргүзүү тутуму жана “Түндүк мобилдик колдонмосу боюнча багыттарга токтолду. Ал эми кытай тарап, өз кезегинде булуттук эсептөөлөр паркынын жана Карамайдагы маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорду түзүүдөгү топтогон тажрыйбасы менен бөлүштү.

Муну менен бирге келе жаткан эл аралык иш-чаралар да талкуу чордонунда болду. Кыргыз тарап кытайлык өнөктөштөрдү 2025-жылдын 29-30-майында Бишкекте өтө турган Кыргыз маалыматтык технологиялар форумуна катышууга чакырды. Кытай тарап, өз убагында КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрүн 2025-жылдын июнунда Карамайда өтө турган “Кытай-ШКУ” үчүнчү форумуна катышууга чакырды.