Мамлекеттик башкарууда кадрдык иш жүргүзүү санариптик форматка өтүүдө
Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусунда санариптик кадрдык иш жүргүзүүгө өтүү башталды. Эми жумушка алуу, жумуштан бошотуу, өргүү жана башка кадрдык документтер санариптик түрдө жүргүзүлөт.
Эске салсак, 2022-жылдан тартып мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы документ жүгүртүү санариптик жана кагаз форматында жүргүзүлүүдө. 2024-жылдын сентябрында каттар үчүн кагаз форматы жана документтердин дагы 700гө жакын түрү алынып салынган. Бирок, кадрдык документтер (дайындоо, бошотуу, иш сапарлар, ротациялар, өргүүлөр ж.б. жөнүндө буйруктар) ушул убакка чейин кагаз жүзүндө кайталанып келген, бул көп убакытты жана олуттуу ресурстарды талап кылган.
300 миң бюджеттик кызматкер үчүн өргүү буйруктары сыяктуу кадрдык документтерди санариптештирүү жыл сайын А4 форматындагы 1 миллиондон ашык кагазды колдонууну кыскартат.
Эми бул документтер санариптик форматта таризделет, бул бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишин кыйла жөнөкөйлөтүп, тездетет.
Бул демилге Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жана “2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө” жарлыктарын аткаруунун алкагында ишке ашырылды. Бул кадам мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда башкарууну модернизациялоого жана документ жүгүртүү процессин жакшыртууга багытталган.
Санариптик технологиялардын киргизилиши менен жакынкы арада өлкөнүн бардык мамлекеттик жана муниципалдык уюмдары санариптик кадрдык иш жүргүзүүгө өтөөрү болжолдонууда. Бул жаңылык башкаруунун мамлекеттик системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп калат, бюджетке жүктөмдү кыйла азайтат жана процесстин бардык катышуучулары үчүн документтер менен иштөөнү жөнөкөйлөтөт.