Электрондук кол тамга

Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында жана “Түндүк” тиркемесинде сунушталган мамлекеттик кызматтарды жана маалымкаттарды алуу үчүн жарандар электрондук кол тамга алышы керек.

Электрондук кол тамганын жардамы менен жарандар мамлекеттик кызматтарды алууда идентификация, авторизация жана электрондук өз ара аракеттенүү үчүн аутентификация процедурасынан өтүшөт.
Электрондук кол тамганы колдонуу кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды идентификациялоого, онлайн режимде берилүүчү маалыматты коргоого, документтердин аныктыгын тастыктоого жана мамлекеттик органдардын электрондук кызматтарына жетүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Электрондук кол тамганы алуу үчүн “Түндүк” тиркемесин жүктөп алуу керек.
Тиркеме ANDROID жана IOS платформаларында жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү.

  • Кирип, “Катталган жоксузбу?” дегенди тандаңыз
  • Керектүү маалыматты толтуруңуз (жеке идентификациялык номер, паспорттун сериясы жана номери, электрондук почта жана телефон номери)
  • Бирдиктүү идентификация системасында каттоого макулдугуңузду ырастаңыз.
  • Сүрөткө түшүп, ырастаңыз
  • “Каттоо” баскычын басыңыз
  • Келишимди көрүү үчүн “OK” баскычын басыңыз
  • Авторизация барагына өтүңүз.

Электрондук кол тамга 12 ай стандарттык жарактуу мөөнөтү менен акысыз берилет.

Белгилей кетсек, жарандарга ыңгайлуу болсун үчүн жарандын катталган электрондук почтасына электрондук кол тамганын мөөнөтү бүтөөрүнө 30 күн калганда, андан кийин 7 күн калганда электронтрондук кол тамганын мөөнөтү бүтүп жатканыдыгы боюнча экинчи билдирүү жөнөтүлөт. Система кол тамганын жарамдуу мөөнөтүн узартуу боюнча эскертмелерди жөнөтөт, алардын жардамы менен жарандар инструкцияларды аралыктан аткарып, кол тамганын жарамдуу мөөнөтүн өз алдынча узарта алышат.

Жарандар электрондук кол тамганы MegaPay, MBank, Optima жана Компаньон Банкынын тиркемелеринен да ала алышат.

Электрондук кол тамганы алуу үчүн юридикалык жактардын өкүлдөрү төмөнкүлөрдү жүктөп алып:

Электрондук кол тамганы алуу боюнча кошумча суроолор боюнча Министрликтин call-борборуна 119 (чалуу КР бардык байланыш операторлору үчүн акысыз) же расмий сайттагы Sanarip Bot аркылуу кайрылсаңыздар болот.