Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо

Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо

Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:

  • ыйгарым укуктуу саламаттык сактоо органы тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү өлгөндүгү тууралуу маалым кат;
  • өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (паспорту, аскердик билети), болсо;
  • өлгөндүгүнүн фактысын белгилөө же адамды өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
  • негизсиз репрессияланган жана кийин “Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде акталган адамдын өлгөндүгүнүн фактысы жөнүндө компетенттүү органдар тарабынан берилген документ;
  • кайрылган жарандын паспорту.

Документтерди “Түндүк” тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүүгө болот!

  • Чет өлкөлүк жарандардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
  • өлгөндүгү тууралуу медициналык күбөлүктүн;
  • мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү паспорт, котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш;
  • качкындын күбөлүгү;
  • “Кайрылман” күбөлүгү.

Жарандыгы жок адамдардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

  • өлгөндүгү тууралуу врачтык күбөлүктүн;
  • жарандыгы жок адамдын жашап туруу укугу.

Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өлгөн учурда, өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органынын бөлүмдөрү тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

  • чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилирленген, мамлекеттик же расмий тилге которулган өлгөндүгү тууралуу маалым кат;
  • өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ.

Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо кызматы акысыз көрсөтүлөт.

Акы өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн бланкы үчүн гана төлөнөт.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү кайрылган жери боюнча жүзөгө ашырылат.

Ошондой эле Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу өлгөндүгүн каттоо жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү үйгө жеткирүү кызматын алса болот.