Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо
Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо
Он алты жашка толо элек адамга карата фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо ата-энесинин биргелешкен арызынын негизинде жана төмөнкүдөй документтер берилгенде жүргүзүлөт:
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- ата-энесинин (алардын биринин) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;
- эгерде арыз ээси никеде турса, никелешүү тууралуу күбөлүк;
- аталыгын аныктоо тууралуу күбөлүк (болсо);
- ата-энесинин биринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу (ата-энесинин биринин биргелешкен арызын берүү мүмкүн болбогон учурда);
- жаранды дайынсыз жок деп таануу, аны ата-энелик укуктарынан ажыратуу, аны эмгекке жарамсыз деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечими (ата-энесинин пикирин эске алуу милдеттүү эмес).
Документтерди “Түндүк” тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүүгө болот!
Он жашка толгон, жашы жете элек балага карата фамилиясын, атын жана атасынын атып өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
Жашы жеткен адамдын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтер берилгенде жүргүзүлөт:
- арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
- арыз ээсинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- эгерде арыз ээси никеде турса, никелешүү тууралуу күбөлүк;
- жашы жете элек балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү (эгерде арыз ээсинин жашы жете элек балдары болсо;
- эгерде арыз ээси никесинин бузулгандыгына байланыштуу ага никеге чейинки фамилиясын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылса, никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк.
Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоодон кийин жаран бир айдын ичинде ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтерин алмаштырууга милдеттүү!
Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо кызматы акысыз көрсөтүлөт.
Акы Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүктүн бланкы үчүн гана төлөнөт.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү кайрылган жери боюнча жүзөгө ашырылат.