Туруктуу жашоого уруксат алуу үчүн КР Ички иштер министрлигинен соттолбогондугу тууралуу маалымкат алуу талап кылынабы?

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы №437 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турууга уруксатты тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө жободо көрсөтүлгөн жашап турууга уруксатты тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмесине ылайык:
-чет өлкөлүк жарандын ал жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат, ал эми жарандыгы жок адамдар үчүн
– Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин ал жашаган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат.