Жашап турууга уруксат канча мөөнөткө берилет?

Чет өлкөлүк жарандар үчүн жашап турууга туруктуу уруксат 5 жыл мөөнөткө, бирок чет мамлекеттин паспортунун жарактуулук мөөнөтүнөн ашык эмес, 45 жашка чыкканда – чет мамлекеттин паспортунун бүткүл жарактуулук мөөнөтүнө берилет.

Жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга убактылуу уруксат 5 жыл мөөнөткө, ал эми 45 жашка чыкканда – мөөнөтсүз берилет.

Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу уруксат 1 жыл мөөнөткө, жыл сайын, бирок 5 жылдан ашык эмес узартып туруу менен берилет.

Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү 2 жыл мөөнөткө берилет. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтү 5 жолуга чейин узартылып, андан кийин алмаштырылат.