Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксатты ким ала алат?

Кыргыз Республикасынын аймагында 5 жылдан ашык мыйзамдуу жүргөн, арыз ээсин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн жашоо минимумун камсыз кылуучу туруктуу мыйзамдуу киреше булагы бар чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасында жашоого туруктуу уруксат ала алышат (артыкчылыктуу укуктан пайдалануучулар Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу болгондон алты ай өткөндөн кийин арыз берүүгө укуктуу).

Кыргыз Республикасына алты айдан ашык мөөнөткө келген, Кыргыз Республикасында жашоонун мыйзамдуу булагы бар чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга убактылуу жашап турууга уруксат берилиши мүмкүн:

  • жумушка уруксат менен бирге эмгек келишими боюнча иштөө үчүн
  • окуу жайдын өтүнүчү боюнча окуу жайда окуу үчүн
  • инвестицияларды илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген өтүнүч каттын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн.