Жашап турууга уруксаты бар жарандардын кандай укуктары бар?

Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксат чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасында убактылуу же туруктуу жашап турууга укук берүүчү документ болуп эсептелет жана КР жарандары менен бирге социалдык жана башка кызматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет.