Туруктуу жашоого уруксат алуу үчүн кандай документтер керек?

Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксат алуу үчүн төмөнкү негизги документтер берилет:

  • паспорт жана паспорттун же аны алмаштыруучу, арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен, эгерде документ чет мамлекетте таризделсе
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн же ага теңештирилген документтин көчүрмөсү, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен, эгерде документ чет мамлекетте таризделсе
  • нике күбөлүгү жана нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү (эгер никеде болсо), нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен, эгерде документти чет мамлекетте таризделсе
  • арыз ээсин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн жашоо минимумун камсыз кылуучу туруктуу мыйзамдуу киреше булагы бар экендигин ырастаган төмөнкү документтердин бири: эмгек китепчесинин көчүрмөсү, активдери, банктагы эсептери же Кыргыз Республикасынын жаранынын камкордугу, эмгек акысынын өлчөмүн көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкат ж.б.
  • ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттар (“СПИД” борборунун, наркологиялык жана психоневрологиялык диспансерлердин маалымкаттары)
  • чет өлкөлүк жарандын өзү жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкат, ал эми жарандыгы жок адамдар үчүн-Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин өзү жашаган мамлекеттин аймагында соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкат
  • арыз ээсинин кеңири автобиографиясы.

Төмөнкү адамдар артыкчылыктуу укуктан пайдаланган Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу болгондон алты ай өткөндөн кийин арыз берүүгө укуктуу:

  • теги боюнча кыргыздар, башкача айтканда ата-энесинин бири кыргыз болгон башка мамлекеттин жарандары же жарандыгы жок адамдар
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын ата-энеси, анын жубайы (күйөөсү), 18 жашка чейинки балдар же бойго жеткен аракетке жөндөмсүз балдар
  • иммигранттын ата-энеси, жубайы, анын 18 жашка чейинки балдары же аракетке жөндөмсүз бойго жеткен балдары;
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын камкорчулугунда же көзөмөлчүлүгүндө турган адамдар
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын камкорчусу же көзөмөлчүсү болуп саналган адамдар
  • Кыргыз Республикасынын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон илимдин, маданияттын белгилүү ишмерлери жана башка адамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасын талап кылган жогорку квалификациялуу адистер.

Жана кошумча төмөнкү документтердин бирин беришет:

  • ата-энесинин биринин улутун тастыктаган маалымкат (документ) (туулгандыгы тууралуу актылык жазуу);
  • Кыргыз Республикасынын жараны – тууганы же Кыргыз Республикасында иммигрант статусун алган адам тарабынан жиберилген чакырууну
  • Кыргыз Республикасынын жараны менен туугандык байланышын ырастаган документ (Кыргыз Республикасынын жараны менен никеде тургандар нике жөнүндө күбөлүктү жана жубайынын паспортунун көчүрмөсүн, чет өлкөлүк жаран болуп эсептелген арыз ээси менен балдары чогуу жашаса туугандыгын же асырап алгандык фактысын, ошондой эле чогуу жашагандыгын ырастачу документтерди
  • арыз ээсинин жана анын туугандарынын фамилиялары ар башка болсо туугандык мамиле кошумча тапшырылчу тийиштүү документтер менен далилденет
  • камкордук жана көзөмөлдүк фактысын ырастачу документтер
  • адистиги (кесиби) бар экенин ырастачу документтер жана рекомендациялар.

Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар аларда болжолдонуп жаткан жашачу жеринде турак жайы бар экенин же Кыргыз Республикасынын бойго жеткен жана жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жарандарынын аларга убактылуу жашап туруу үчүн турак жай берүүгө макулдугун ырастачу документтерди да тапшырышат.

Убактылуу жашап турууга уруксат алуу үчүн арыз бергенде арыз ээси негизги документтерге кошумча төмөнкү документтердин бирин тапшырат:

  • иштеген адам ишкананы каттоо жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн берет
  • Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын окуучулары окуу жай менен контракттын көчүрмөсүн жана окуган жеринен маалымкат беришет
  • Кыргыз Республикасында инвестиция салуучу инвестицияны тарткан уюмдун жетекчисинин ал чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген елчемдө инвестиция салып жатканы жөнүндө катын берет.