Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо кандай формада жүрөт?
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө, аны алуу жол-жобосу, арыз жазуу тартиби жөнүндө маалымдоо:
– жазуу жүзүндө;
– оозеки түрдө (телефон аркылуу, жеке байланышта);
– электрондук форматта (“суроо-жооптор” расмий сайтында- www.nas.gov.kg);
– мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталында электрондук форматта.
Маалымдоо мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.
Телефон номерлери, банктык реквизиттери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты электр жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радиожыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталында, расмий сайтында жана маалымат тактасында жайгаштырылган.
Электр жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын иштөө режими: дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат 09.00 дөн 18.00 гө чейин, түшкү тыныгуу-саат 12.30 дан 13.30 га чейин.