Жеке колдонуу үчүн уюлдук телефонду сертификаттоо зарылбы?

Жок, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 “Шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” токтому менен бекитилген Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болгон продукциялардын тизмесине кирген продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү тартибинин 1.3-пунктуна ылайык, жеке адамдар тарабынан жеке колдонуу үчүн алынып келинген продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына эркин жүгүртүүгө чыгарууда шайкештик сертификатын же шайкештик жөнүндө декларацияны көрсөтүү талап кылынбайт.