Улуттук номерлөө ресурсун бөлүштүрүүнү алуу үчүн талапкерлерге кандай талаптар коюлат?

Кызмат иштин тиешелүү түрү боюнча электр байланыш кызматтарын көрсөтүүгө лицензиясы бар жеке жана юридикалык жактарга гана көрсөтүлөт. Ал иштетип жаткан электр байланыш тармагынын номерлөө ресурсун алуучу болуп байланыштын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленген тартипте берилген электр байланыш кызматтарынын тийиштүү түрүн көрсөтүүгө электр байланышы тармагында иш жүргүзүүгө лицензиясы бар оператор саналат.